Көк бөрү: “Достук” командасы Жеңиш кубогун утту

10.05.2023 | 09:53

Кечээ, 9-майда Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу-2023” мелдешин “Достук” командасы жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында өтүп, ага аймактан келген 35 команда катышты.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

Жогорку лига:

1-орун — “Достук” (700 миң сом);

2- орун — “Сары-Өзөн” (400 миң сом);

3- орун — “Ынтымак” (200 миң сом);

4- орун — “Мурас” (100 миң сом);

5- орун — “Жаштык” (50 миң сом);

6- орун — “Алтын-Алянс” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Ниязов Манас (50 миң сом);

Мыкты аргымак — Мельбург (10 миң сом).

Биринчи лига:

1- орун — “Ийгилик” (150 миң сом);

2- орун — “Өзгөн” (80 миң сом);

3 -орун — “Ысык-Ата” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Тургунбаев Эржан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Бишкек(5 миң сом).

Экинчи лига:

1- орун — “Кара-Кулжа” (70 миң сом);

2- орун — “Талас шаары” (50 миң сом);

3- орун — “Биримдик” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу: Сейитказы уулу Айтмерек (5 миң сом);

Мыкты аргымак: Беш—Кашка (5 миң сом).

40 жаш:

1- орун — “Бишкек-Сергүү” 40жаш (70 миң сом);

2- орун — “Жети-Дубан” (50 миң сом);

3- орун — “Талас” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу — Алсеитов Мирлан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Деңиз (5 миң сом).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top