Көк бөрү: «Достук» командасы Жеңиш кубогун утту

Көк бөрү: «Достук» командасы Жеңиш кубогун утту

Кечээ, 9-майда Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча «Жеңиш кубогу-2023» мелдешин «Достук» командасы жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өтүп, ага аймактан келген 35 команда катышты.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

Жогорку лига:

1-орун — «Достук» (700 миң сом);

2- орун — «Сары-Өзөн» (400 миң сом);

3- орун — «Ынтымак» (200 миң сом);

4- орун — «Мурас» (100 миң сом);

5- орун — «Жаштык» (50 миң сом);

6- орун — «Алтын-Алянс» (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Ниязов Манас (50 миң сом);

Мыкты аргымак — Мельбург (10 миң сом).

Биринчи лига:

1- орун — «Ийгилик» (150 миң сом);

2- орун — «Өзгөн» (80 миң сом);

3 -орун — «Ысык-Ата» (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Тургунбаев Эржан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Бишкек(5 миң сом).

Экинчи лига:

1- орун — «Кара-Кулжа» (70 миң сом);

2- орун — «Талас шаары» (50 миң сом);

3- орун — «Биримдик» (30 миң сом);

Мыкты оюнчу: Сейитказы уулу Айтмерек (5 миң сом);

Мыкты аргымак: Беш—Кашка (5 миң сом).

40 жаш:

1- орун — «Бишкек-Сергүү» 40жаш (70 миң сом);

2- орун — «Жети-Дубан» (50 миң сом);

3- орун — «Талас» (30 миң сом);

Мыкты оюнчу — Алсеитов Мирлан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Деңиз (5 миң сом).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>