Mastercard’дын мурдагы президенти Дүйнөлүк банкты жетектейт

Mastercard’дын мурдагы президенти Дүйнөлүк банкты жетектейт

Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлору Ажай Банганы Дүйнөлүк банктын президенти кылып шайлады. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат.

Ажай Банга Дүйнөлүк банктын президенттигине талапкер катары февраль айында АКШнын президенти Байден тарабынан сунушталган. Анткени салттуу түрдө Дүйнөлүк банктын башысын АКШ сунуштайт. Ажай Банга бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Ал расмий түрдө ушул жылдын 2-июнунда беш жылдык мөөнөткө кызматка киришет.

Ажай Банга — индиялык-америкалык ишкер. Банга ийгиликтүү уюмдарды жетектөө, каржылык инклюзивдүүлүк жана климаттын өзгөрүшү маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү куруу боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Буга чейин ал Mastercard компаниясынын президенти болгон.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жазгы жыйындарынын алкагында Ажай Банга менен жолуккан. Тараптар бир катар орчундуу маселелерди, анын ичинде климаттык коопсуздукту, адамдык капиталды өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестицияларды талкуулашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>