УКМК: Пара алган прокурор жана анын шериги кармалды (видео)

УКМК: Пара алган прокурор жана анын шериги кармалды (видео)

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү (З.У.К.) жана анын шериги (М.У.А.) пара опузалоого жана алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу акча опузалап, пара алган. Ошол эле учурда кылмыш ишин тергөө башка органга өткөрүлүп берилгенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң доллар пара алган.

УКМКдан белгилешкендей, прокуратуранын тергөөчүсү акчанын бир бөлүгүн — 4 миң долларды Ош шаарындагы М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу алган. Калган сумманы ал Бишкек шаарынан өзү алып, пара алып жаткан жеринен колго түшүрулгөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен кармалган эки шектүү УКМКнын аталган облустагы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>