Көк-Мойнокто чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Көк-Мойнокто чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Көк-Мойнокто чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 7-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагында Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 157-чакырымында ачык аянтта чыккан өрт бүгүн саат 19:00дө толук өчүрүлдү.

Аталган аймактагы куураган чөп жана бадалдардан чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден 7-май күнү 3 күжүрмөн эсеп, 20дан ашуун өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылган. Өрттүн күчөп кетпөөсүн түнү менен көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган.

Ал эми бүгүн жерине өрттү толук өчүрүү максатында жалпы КР ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча ӨК бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 1 АЦ унаасы, токой чарбасынан 14 кызматкер, ӨКМдин Тоң району боюнча ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Көк-Мойнок а/а 3 кызматкер 2 мотопомпа менен тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>