Көк-Жаңгакта жаңы оңдолгон көчөгө Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылды

Көк-Жаңгакта жаңы оңдолгон көчөгө Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылды

Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарындагы көчөлөрдүн биринин жолуна асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Аталган көчөгө маркум Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган. Көчөнүн 2200 метр жолун оңдоого 10 млн сом каралып, учурда анын 950 метрине асфальт төшөлгөн.

Жолдун ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри баштаган кызматкерлер жана шаар тургундары катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>