U16: Боксчу Амантур Жумаев дүйнө чемпиону болду

U16: Боксчу Амантур Жумаев дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев 16 жашка чейинки жаш уландар арасындагы дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, дүйнө чепиону атанды. Бул тууралуу спорттук баяндамачы Тахир Гафуров билдирди.

Ал 52 кг салмакта күч сынашып, беттешти 1/16 финалдан баштаган. Ал катары менен өзбекстандык, германиялык, россиялык жана польшалык мушкерлерди жеңип, финалга чыккан.

3-декабрда өткөн финалдык беттеште Амантур Жумаев армениялык Арен Харатьянды утуп, дүйнө чемпиону болду.

Спорттук баяндамачы Тахир Гафуров белгилегендей, бул жеңиши менен Амантур Жумаев Кыргызстандан чыккан жаш уландар арасындагы биринчи дүйнө чемпиону болуп калды.

Эскерте кетсек, 16 жашка чейинки мушкерлер арасындагы дүйнө чемпионаты Армениянын борбору Ереванда өтүүдө. Финалдык беттештер 3-4-декабрда болуп өтөт.

Буга чейин ноябрь айынын башында Амантур Жумаев Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде алтын утуп, Азия чемпиону болгон.

(U-16): Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпиону болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>