Көлбаев «Кристалл» заводунда майнинг-ферма ачууну пландаган

Көлбаев «Кристалл» заводунда майнинг-ферма ачууну пландаган

Жалал-Абад облусундагы «Кристалл» заводу мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта ачык акционердик коом банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен «Компьютер Пауэр Центр» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги айтылат. Аталган ишкана кылмыштуу топтун башчысы, маркум Камчы Көлбаев менен байланыштуу болгон.

Заводдо майнинг-ферманын жабдыктары даярдалып, аны Көлбаевдин өкүл баласы башкарган.

«Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты К.Асанбектин кылмыштуу структураларын каржылоо болгон. Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн «Аю-Холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырган», — дейт УКМК.

«Кристалл» ААК жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор активдүү кызыгуусун көрсөтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>