Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды.

Белгилүү болгондой, Сагынбаев ишеним берилген мүлктү ыйгарып алуу (же коротуу) жана документтерди жасалмалоого шектелүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бишкектин Свердлов райондук милициясына мэриянын дене тарбия департаментинин директорунан кайрылуу түшүп, анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери учурунда спорт мектебинин мурдагы директору К.С. (Каныбек Сагынбаев) ишке орношуп жатканда Улуттук университеттин Башкаруу жана бизнес институтунун жасалма дипломун көрсөткөнү аныкталган.

Жыйынтыгында Сагынбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Свердлов райондук соту Сагынбаевди үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, Каныбек Сагынбаев 2021-2022-жылы бильярд жана велоспорт боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору кызматын ээлеген.

Каныбек Сагынбаев кетти: Бишкектеги спорт мектепке жаңы директор келди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>