Кадамжайда “Йакын Инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды

Кадамжайда “Йакын Инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды

Кадамжай районунда “Йакын Инкар” диний агымынын 5 мүчөсү кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Г.Ш.нын турак үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

ИИМдин каттоосунда турган өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар”  диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун тургундары — 28 жаштагы М.У., 44 жаштагы К.А., 53 жаштагы С.М. жана Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 32 жаштагы У.Д. 40 жаштагы Г.Шнын короосундагы бир бөлмөлүү толук шарты жок үйүндө таңга жуук жыйын өткөрүп жаткан жеринен кармалышты.

Алардын жанынан  26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>