Көмүр уурдоого каршы чыккан монгол аялдары суукта чечиништи

Көмүр уурдоого каршы чыккан монгол аялдары суукта чечиништи

Улан-Батордо көмүр уурдоого каршы чыккан аялдар жыйырма градустук суукка карабай чечиништи. Бул тууралуу 22-декабрда РИА Новости жазды.

Алар ири өлчөмдөгү уурулук үчүн күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабына бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурууга аракет кылышты.

Мекеменин маалыматына караганда, бул ыкма Монголиянын борборунда 4-декабрдан бери басылбай жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары тарабынан бир нече ирет колдонулуп келген. Бирок буга чейин эркектер гана ушундай кылышкан.

21-декабрда, 30га жакын демонстранттар Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралында көмүр боюнча соттук отурумга катышууга уруксат талап кылып, өкмөт сарайынын алдында жылаңач отурушту. Алардын арасында аялдар да болгон. Митингчилердин абалын дарыгерлер көзөмөлгө алышкан.

«Алар бизди ушинтип гана угат! Мен дагы мамлекеттик кызматкер болгом. Биз монголдор чынында алсызбыз. Жаратылыш байлыктарын бир нече ач көз адамдар талап-тоноп кетишти!» — деди митингчилердин бири.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, көмүр Кытайга жеткирилгенде ири өлчөмдө уурдалган зыяндын көлөмү 13 миллиард долларга чейин жетет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: монголия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>