Көмүрдүн баасын мамлекет өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн

Көмүрдүн баасын мамлекет өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн

Көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Көмүр базарындагы абалга баам салуу үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Бишкек шаардык бөлүмүнүн адистери менен Бишкектин отун базаларын кыдырды.

Маалыматка караганда, ал отун базаларынын жетекчилери менен жолукту. Отун базаларынын жетекчилери жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатканын белгилешти. Ал эми башка өлкөдөн келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон жогору сатылууда. Учурда көмүр бар.

Маалыматта, кечээ жана бүгүн сегиз вагон таш көмүр келсе, учурда түшүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

“Кеңешбай Тайлаков отун базаларынын жетекчилерине түшүнүү менен мамиле жасап, калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылууну суранды. Ошондой эле баа саясатын төмөндөтүү жагын карап чыгууну сунуштады. Министрлик өзгөчө жылытуу мезгилинде ашыкча пайда табууга жол берилбей турганын белгиледи.

Ошол эле учурда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын отун базасында жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда. Ошондой эле айланма жолдун боюнда, Мурманская, Алыкулова көчөлөрүндө, к/м “Кара-Жыгач” (Достоевский көч., 97к) сатылууда.

Белгилей кетсек, учурда ушул сыяктуу иштер Чүй облусунда да жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>