Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жигит каза болду
08.12.2023 | 21:52
Россиянын аймагындагы жол кырсыктан 22 жаштагы кыргызстандык жигит каза болгонун, ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинин маалыматына караганда, 6-декабрда Забайкалье аймагында Амур федералдык унаа жолунун 574-чакырымында болгон жол кырсыгынан улам Кыргызстандын 2001-жылы туулган Б.С. аттуу жараны көз жумган.
Учурда элчиликтин кеңсеси каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө.
Макрумдун сөөгү 10-декабрда Кыргызстанга алып келинет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар