“Коопсуз шаар” долбоору Жалал-Абадда ишке киргизилет

“Коопсуз шаар” долбоору Жалал-Абадда ишке киргизилет

Жакын арада “Коопсуз шаар” долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына ылайык Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө. Бүгүн калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видео байкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышкан.

Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Анын ичинен Ош — Бишкек авто жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы жолуна 4 камера коюлары айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>