Кара-Балтада дубал урап калды: ресторандын 19 жаштагы кызматкери каза болдуКР ИИМдин ардагери Бакудагы эл аралык марафондо биринчи орунду ээледиСадыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болдуКыргызстан алгачкы Конституциянын кабыл алынышынын 33 жылдыгын белгилөөдөЕсенкул Аксамаев: Сталинграддан бейпил жашоого чейинки чыныгы баатырдын жолуКР Конституциясы: парламенттен президентке чейин — тарыхтын негизги бурулуштары
Коопсуздук кеңеши: Президент жыйын курду
16.09.2022 | 21:41
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.
Өлкө башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар