Коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандыктын абалы кандай? Расмий жооп

Коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандыктын абалы кандай? Расмий жооп

Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги коронавирус жуктуруп алды делген  кыргызстандык менен үзгүлтүксүз байланышта болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандык жарандын каютадагы кошунасынан коронавирус табылгандыктан, ал дагы вирусту жуктуруп алышы мүмкүн деген шектенүү жаралган.

“Жапониянын тиешелүү органдары билдиргендей, учурда мекендешибиздин абалы канааттандырарлык. Дене табы көтөрүлбөй, эч кандай дарылоо жүргүзүлгөн эмес. Бейтап дарыгерлердин атайын көзөмөлүнө алынды. Өзү дагы абалы жакшы экенин айткан”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, кыргызстандыктардан өз өлкөсүнө кайтуу тууралуу элчиликке  кайрылуу түшкөн эмес.

Белгилей кетсек, Жапонияда коронавирустан улам карантинге алынган Diamond Princess саякат кемесиндеги вирусту жуктуруп алган 67 адамдын арасында кыргызстандык жаран экенин World of Cruising журналы жазып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>