Кыргызстандыктарды гепатитке акысыз текшерүүдөн өтүүгө чакырышты

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18-июлдан 28-июлга чейин Бүткүл дүйнөлүк вирустук гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата он күндүк (декада) жарыялады.
Мекеме белгилегендей, жыл сайын 28-июлда Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнү белгиленет. Анын максаты — вирустук гепатит көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, калктын алдын алуу чаралары, өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн маанилүүлүгү жана дарылануунун жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустук B жана C гепатиттери узак убакыт бою симптомсуз өтүшү мүмкүн экенин, бирок өз убагында диагноз коюлуп, дарыланбаса, боордун оор ооруларына алып келерин эскертти. Инфекцияны эрте аныктоо дарыланууну өз убагында баштоого жана кабылдоолордун алдын алууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда вирустук B жана C гепатиттерине тесттен өтүү, вирустук B гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле өнөкөт вирустук гепатити бар бейтаптарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана АИВди (ВИЧ) контролдоо боюнча республикалык борбор жарандарды вирустук B жана C гепатиттерине текшерүүдөн өтүүгө, эмдөө статусун текшерүүгө жана вакцина жок болсо, жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынан эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Мекеме өз убагында тесттен өтүү ооруну эрте стадиясында аныктоого жана дарыланууну өз убагында баштоого жардам берерин, ал эми эмдөө вирустук B гепатитинен коргоонун эң натыйжалуу жолу бойдон кала берерин баса белгиледи.