Коронавируска каршы кайсыл витамин пайдалуу экендиги айтылды

Коронавируска каршы кайсыл витамин пайдалуу экендиги айтылды

Америка кошмо штаттарынын окумуштуулары коронавируска каршы кайсыл витамин пайдалуу экендиги аныкташты. Бул тууралуу АКШнын PLOS ONE басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Бостондун медициналык мектебинин окумуштуулары, кандын курамында D витамини жетиштүү өлчөмдө болсо, коронавирус жугузуп алуу, же аны оор өткөрүү коркунучу азаярын аныкташкан. 

Адистер 235 бейтаптын канындагы 25-гидроксивит D витаминин өлчөшкөн. Анын жыйынтыгында, коронавирус илдетине чалдыккандардын арасындагы аталган витамин организминде жетиштүү болсо вирустун өрчүшү жана өлүм тобокелдиги төмөн болорун аныкташкан.  

Аталган изилдөөнүн жетектеген Майкл Холик, бул жасаган иши коронавирустун, ошондой эле цитокиндик бороондун (өлүмгө алып келүүчү иммундук система) өрчүшүн алдын аларын тастыктайт деген.

ДССУнун маалыматы боюнча, коронавирус илдетине чалдыккандардын саны дүйнөдө 2 миллионго чукулдады. Бул көсөткүч өткөн жумага караганда 6 пайызга өскөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>