Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Коррупция фактысы боюнча Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды
06.07.2020 | 15:24
Коррупция фактысы боюнча мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул тууралуу финансы полициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызматкерлерге коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. Анын алкагында тендерлерде айрым фармацевттик компаниялардын кызыкчылыгын коргогон деген айып менен мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылган.
Белгилей кетсек, буга чейин ПолитКлиника басылмасы атайын иликтөөсүн жарыялаган. Анда Кыргыз бийлиги дарыгерлердин коопсуздук каражаттарын жана медициналык маскаларды 10 эсе кымбат сатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом