Коррупцияга шектелген Таалайбек Нуралиев кызматынан бошотулду

Коррупцияга шектелген Таалайбек Нуралиев кызматынан бошотулду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 16-сентябрда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койгон.

2-августта УКМК ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди коррупция фактысы боюнча кармаган. Ал соттолгон адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шартын жакшыртуу үчүн байма-бай акча алып келгени маалым болгон.

Ошондой эле 2-августта анын иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган. Андан тышкары, жашаган жеринен ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>