Бийлик кадрга эмес, санарипке ишеним артууда

Бийлик кадрга эмес, санарипке ишеним артууда

Министрлер кабинетинин жыйынында «Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жаткан учурда төрага Улукбек Марипов бажы кызматында кадрдык өзгөртүүлөр абалды жакшыртпастыгын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

«Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек», – деди Марипов.

2020-жылы Эл аралык республикалык институтунун (IRI) иликтөөсу боюнча Кыргызстанда Бажы кызматы «эң коррупциялашкан мекеме» деп табылган.

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев 17 фурага жүктөлүп, контрабандалык жол аркылуу ташылып баратканы үчүн кармалып турган алтын концентратты кытайлар сыртка чыгарып кеткенин билдирип, бажынын денгээлиндеги коррупция токтобой жатканын белгилеген. Ал эми аталган кызмат бул боюнча атайын билдирүү тараткан. Тагыраагы бажы кызматы импорт жана экспорт мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат кагазынын негизинде гана ишке ашырыларын белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>