Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката тапты
“Кошой” кант заводунун жетекчиси алмашты
31.08.2022 | 22:38
«Кошой» ААКсына жаңы башкы директор дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
26-августта директорлор кеңешинин отурумунун протоколу менен «Кошой» ААКнын башкы директору Александр Барбалатын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна Павел Немченкону дайындоо чечими кабыл алынды.
КФБнын маалыматы боюнча, Барбалат менен Немченконун компаниянын уставдык капиталында үлүшү жок.
Заводдун сайтында «Кошой» ААК Ново-Троицк кант заводунун базасында түзүлүп, учурда акционерлердин жеке менчиги экени жазылган. Ишкана Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар