Кошумча ЖРТ качан өтөрү айтылды. Каттоого жетишип калгыла

Кошумча ЖРТ качан өтөрү айтылды. Каттоого жетишип калгыла

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ар кандай себептер менен өз убагында катыша албай калгандар үчүн 23-24-июнда кошумча тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, каттоо 12-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлүп, тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

«Эгерде абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен катышпай калган болсо, анда каттоо номери менен мурунку катталган жерине барып кайрадан өтүшү керек. Бул учурда абитуриент 3-форманы (тестирлөөнүн орду, датасы көрсөтүлгөн талонду) жана инсандыгын тастыктаган документти алып келиши керек. Катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк кабыл алынбайт», — деп билдирет министрлик.

Министрлик кошумча тестирлөөгө ЖРТнын мурунку этаптарына катыша албай калган жарандар гана каттала аларын эскертет. Бул жылы тестирлөөдөн четтетилген абитуриенттер кайрадан каттоодон өтө албайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>