Таласта жарандарды 10 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Таласта жарандарды 10 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Таласта жарандарды 10 млн сомго алдап кеткен деп 36 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган шектүү Нарын облусунун Ө.А. аттуу тургуну болуп саналат.

«Ал Талас шаарында ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алдоо жолу менен акча каражаттарын, мүлктөрүн, тактап айтканда уюлдук телефондорун, автоунааларын сатып алып, акчасын бербей качып жүргөн деп шектелүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнү анын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча милицияга 18 арыз түшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 10 млн сомду түзөт.

Милиция шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан башка жарандар бар деп эсептейт. Ага байланыштуу жабыркаган жарандар болсо, 0702 554 299, 0501 717 120 же 03422 5 23 10 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>