Кошунасын күрөк менен башка, денеге уруп сабаган. Соттун өкүмү

Кошунасын күрөк менен башка, денеге уруп сабаган. Соттун өкүмү

Жалал-Абад облусунда кошунасын күрөк менен башка, денеге уруп сабаган жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Аталган иш алгач Базар-Коргон райондук сотунда каралган. Соттун токтомунда айтылгандай, 2022-жылы май айында Азамат (аттар өзгөртүлдү) кошунасы Кубанычты күрөк менен башка жана денесине бир нече жолу урган. Натыйжада Кубаныч денесинен оор жаракат алган.

Былтыр 29-ноябрда райондук соттун чечими менен айыпкер алты жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда, ага карата үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонулуп, ал жазаны абакта өтөөдөн бошотулган.

Бул чечимге макул болбогон прокурор облустук сотко кайрылган. Анын айтымында, райондук соттун чечими негизсиз чыгарылган. Себеби сот жабырлануучунун пикирин эске алган эмес, аны менен бирге ал айыпталуучу менен жарашкан эмес, ошондой эле, айыпкер дары-дармек, операцияга кеткен чыгымды төлөп берген эмес. мындан улам прокурор пробация тууралуу өкүмдү жокко чыгарып, алты жылга эркиндигинен ажыратуу тууралуу чечимди калтырууну суранган.

Ошол эле учурда, соттун токтомунда айыпкер күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөнү, жабырлануучу менен жарашып (жабырлануучуга материалдык жана моралдык зыянды төлөп бергени айтылат), жабырлануучунун эч кандай дооматы болбогону тууралуу айтылат, ага байланыштуу облустук сот биринчи инстанциядагы соттун пробация боюнча өкүмүн негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептейт.

Натыйжада облустук сот райондук соттун мурдагы өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырып, прокурордун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>