Космосбек Чолпонбаев СИЗО-1ге эки айга камакка алынды

Космосбек Чолпонбаев СИЗО-1ге эки айга камакка алынды

Бүгүн, 17-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

Чолпонбаев 15-октябрь күнү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болчу.

Маалыматка ылайык, шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Анын жүрүшүндө аталган министрликтин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталган.

Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>