КР ИИМдин ардагери Бакудагы эл аралык марафондо биринчи орунду ээледи
Баку (Азербайжан) шаарында өткөн эл аралык марафондо отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов 42 километр 200 метр аралыкты басып өтүп, 70+ жаш курактык категориясында биринчи орунду ээледи.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, марафонго дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 26 миңден ашык спорт сүйүүчү катышты.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Киязов Антальядагы (Түркия) эл аралык марафондо Кыргызстандын намысын коргоп, 10 километр аралыкты 43 мүнөт 33 секундда ийгиликтүү басып өткөн жана «Спорт чебери» наамын алуу үчүн нормативдерди толтурган.

Ошондой эле 2025-жылы ал Түркстан шаарында (Казакстан) өткөн салттуу Turkistan Marathon марафонуна катышкан. Анда 42 километр 195 метр аралыкты 3 саат 46 мүнөт 2 секундда басып өтүп, өзүнүн курактык категориясында үчүнчү орунду ээлеген.