Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болду

05.05.2026 | 16:15

Бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшель Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болду — Новости Кыргызстана

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүнү талкуулашты.

Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болду — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын башчысы республиканын Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуусун белгилеп, географиялык алыстыгына карабастан, кызматташтыкты арттыруу үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи. Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болду — Новости Кыргызстана

Министр Барри Фор Сейшель Аралдары Республикасынын президенти Патрик Эрмининин саламын жеткирди. Андан соң эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча пикир алмашуу болуп, БУУнун алкагында аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын ТИМ башчысын кабыл алды — эмнелер тууралуу сөз болду — Новости Кыргызстана

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшель кызматташтыгын мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты. Мамлекет башчысы ошондой эле Патрик Эрминиге ыңгайлуу убакта Кыргызстанга иш сапары менен келүү чакыруусун жолдоду.

Scroll to Top