Май майрамдарында иштеген Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалдарынын даректери
Май айындагы майрам күндөрү Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 14 филиалы жарандарды кабыл алууну улантат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында филиалдар иштей турганы такталды.
Филиалдар 5, 6, 7 жана 8-май күндөрү саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт, ал эми Бишкек филиалы жарандарды саат 09:00дөн 14:30га чейин кабыл алат.
Майрам күндөрү төмөнкү филиалдар жарандарга кызмат көрсөтүүнү улантышат:
• Бишкек филиалы;
• Сокулук филиалы;
• Аламүдүн филиалы;
• Ысык-Ата филиалы;
• Чүй-Токмок филиалы;
• Ош филиалы;
• Ноокат филиалы;
• Манас шаардык филиалы;
• Кара-Суу филиалы;
• Каракол-Ак-Суу филиалы;
• Ысык-Көл филиалы;
• Нарын филиалы;
• Талас филиалы;
• Баткен филиалы.