Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Уранбек Шадыбеков камакка алынды — толук маалымат
08.07.2026 | 10:06

Биринчи май райондук соту кечээ кармалган УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды, деп билдирет соттун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Шадыбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгында жасалган же оор зыян алып келген коррупция") боюнча айып тагылган.
Улуттук коопсуздук органдарынын системасында иштеген Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын* февраль айында УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. Ал эми 8-июнда президент аны ээлеп турган кызматынан бошоткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом