КР жарандары үчүн Москва эл аралык мамилелер институтуна тапшырууга документтерди кабыл алуу башталды

2026-2027-окуу жылына карата Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна документтерди кабыл алуу башталганын билдирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-апрелинен 15-майына чейин жүргүзүлөт.
Абитуриенттер бакалавриат, магистратура жана аспирантура программалары боюнча бул тиркемеде сунушталган окуу багыттарынын бирин гана тандап алууга тийиш. Талапкерлер КРдин Тышкы иштер министрлиги тарабынан сунушталат. Алар окуу жайдын эрежелерине ылайык онлайн форматта орус жана чет тилдери боюнча тестирлөөдөн өтүшү керек.
Тандоо эрежелери менен Тышкы иштер министрлигинин (www.mfa.gov.kg) жана Дипломатиялык академиянын (www.dipacademy.kg) расмий сайттарынан таанышууга болот.
Сынакка катышуу үчүн Дипломатиялык академиянын сайтында онлайн каттоодон өтүү зарыл. Документтер офлайн форматында тапшырылат.