Кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшү: Азыр эмне белгилүү?

Кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшү: Азыр эмне белгилүү?

«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Маалыматка караганда, кримтөбөлдүн өлүмү боюнча №1 тергөө абагында отурган беш адамга айып тагылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б. аттуу абактагы адамдардын кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Алар кастыктан улам алдын ала сүйлөшүп киши өлтүрүүгө барган. Бешөөнө тең Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айып тагылды. Андан тышкары, кылмышты жашыргандыгы үчүн абакта отурган Т.Ж. жана Д.А. аттуу жарандар жоопко тартылды. Кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү», — деп билдирди ал.

Ошондой эле, ал Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата тергөө иштери уланып жатканын белгиледи. Кылмыш иши «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча козголгон.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Жумагулов быйыл 30-июлда №1 тергөө абагында киши колдуу болгон.

Ага чейин Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Камактагы кримтөбөл «Дөө Чыңгыз» өлтүрүлдү — сүрөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>