ЖКда «Аю» спирт заводун мамлекетке өткөрүү маселеси көтөрүлдү

ЖКда «Аю» спирт заводун мамлекетке өткөрүү маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин өндүрүүнүн, импорттоонун, сактоонун жана сатуунун укуктук негиздерин белгилөө, ошондой эле алкоголдук продукцияны өндүрүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо болуп саналат.

Тагыраагы, түзөтүүлөр этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу жаатында калыптанышы мүмкүн болгон кризистик кырдаалды жоюу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев карама-каршы келген беренелерге токтолуп, тактап айтканда, 6-беренеге этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия орнотулат, ал бир гана мамлекеттик ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылат деп атайын жазууну сунуштады.

Ал эми эл өкүлү Жанарбек Акаев «Аю» спирт заводун мамлекеттин балансына өткөрүү маселесин көтөрдү. Буга Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов аталган ишкана мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, депутат Айсаракан Абдибаева кайсы учурларда этил спиртин импорттого уруксат берилерин тактаса, эл өкүлү Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө монополия гана эмес, мамлекеттик жөнгө салуу жана бааны бекитүү да киргизилгенин туура эмес деп эсептейт. Ошондой эле депутат Жылдыз Садырбаева мамлекеттик жөнгө салуу медициналык спиртти өндүрүүгө да киргизилеби деп кызыкты.

Талкуунун соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>