«Крокуста» каза болду делген кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү экени аныкталды

«Крокуста» каза болду делген кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү экени аныкталды

“Крокус Сити Холлдогу” куралдуу кол салууда каза болгону тууралуу маалымат тараган кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү экендиги аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 24-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Шерзодбек Тургунбаев тууралуу маалымат келип түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дароо анын туугандары менен байланышка чыккан. Белгилүү болгондой акыркы жылдары аны менен эч кандай байланыш жок.

«Шерзодбек Тургунбаев аттуу жаран буга чейин кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, жаран тирүү экендиги аныкталды. Элчилик кыргыз жаранынын жүргөн жерлерин тактоодо», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, элчилик тарабынан «Крокус Сити Холл» имаратында эмгектенген Кыргызстандын эки жаранын издөө иштери улантылууда.

Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана моргдорго барууларды, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле изделип жаткан жарандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>