КРСУга жаңы ректор дайындалды

КРСУга жаңы ректор дайындалды

13-сентябрда билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Денис Фомин-Ниловду окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Денис Фомин-Нилов жамаатка университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын тааныштырды.

Уланбек Усеков коюлган максаттарга жетүүдө Кыргыз-Орус Славян университети Евразиялык экономикалык биримдигинде алдыңкы окуу жайга айлана аларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Денис Фомин-Нилов Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде дайындалды.

Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Уланбек Усеков жана Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский кол койду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>