Кудрет Тайчабаров кымбат телефон менен унаасын кайдан алганын айтты

Кудрет Тайчабаров кымбат телефон менен унаасын кайдан алганын айтты

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров журналисттерге берген маегинде жол тандабас жана кымбат смартфонду кантип алганын айтып берди.

Буга чейин социалдык тармактарда активисттер чиновник өзүнө Бишкек эркин экономикалык аймагынын эсебинен 110 миң сомдук iPhone 12 Pro Max сатып алганын жазып чыгышкан. Ал эми Кудрет Тайчабаров айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унааны ЭЭА субъектилеринин бири ижара акысы үчүн төлөм катары алган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Тайчабаров смартфон кызматтык экенин, ал мурдагы жетекчиликтин тушунда тендерсиз сатылып алынганын белгиледи.

«Мындай төрт-беш телефон бар. Алар көп убакыт мурун сатылып алынган. Алардын арасында мурдагы жетекчилер колдонгондор да бар”,-дейт Кудрет Тайчабаров.

Ошол эле учурда Apple компаниясынын оригиналдуу технологиясынын расмий риселлеринин айтымында, сөз болуп жаткан iPhone 12 Pro Max Кудрет Тайчабаров Бишкек ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалардан бир күн мурун, башкача айтканда, 13-ноябрда сатыкка коюлган.

Чиновник ал айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа “Бисталь” компаниясынан конфискацияланып, ижара акысын төлөбөгөнү үчүн ЭЭАга өткөрүлүп берилгенин ырастады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>