Кумтөр. Темир Сариев камакта калтырылды

Кумтөр. Темир Сариев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Саясатчы 30-сентябрга чейин тергөө абагында камакта болот. Чечим бүгүн, 25 -августта кабыл алынды.

Ал арада сот имаратынын жанында саясатчыны колдоо митинги өттү, анын тарапташтары Сариевдин баш коргоо чарасын камакка алуудан үй камагына же кетпөө тууралуу тил катка өзгөртүүнү суранышты.

Эске салсак, Темир Сариев 3-августта «Кумтөр» иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. 

Сариев экономика министри жана ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда «Кумтөр» кенин иштетүүдөн экологияга келтирилген зыяндын көлөмүн бир нече миллиард сомго аз баалап койгон. Анын натыйжасында мамлекетке эбегейсиз зыян келтирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>