КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кумтөрдун Кыргызстанга өтүшү менен Токаев Жапаровду куттуктады
06.04.2022 | 17:06
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен телефондон куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана Евразия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын Президентинин Кыргызстанга сапарын макулдашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат