Курман айтта кандай мал союлушу керек? Негизги эрежелер

Курман айтта кандай мал союлушу керек? Негизги эрежелер

Курман айт быйыл 28-июнда белгиленет. Мусулмандардын эки чоң майрамынын бирин кантип өткөрүү керек жана мал союунун эрежелери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.

Курман айтта кандай мал союлушу керек?

Курман айт күнү курмандыкка төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт. Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Бодо малдан өгүз болсо, жакшы болот. Бодо мал эки жаштан жогору болушу керек. Андан кийин — кой.  Кой 6 айлык, бирок 1 жаштай көрүнгөн  болсо, жакшы болот. Эчки 1 жашар болушу шарт.

Ооруган малды союуга болбойт.

Эптеп-септеп чологун, чунагын же болбосо дагы бир оорулуусун алса, курмандыкка жарабайт. Бардык мүчөсү толук болуш керек. Союлган малдын этин үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-кембагал, муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берсе болот.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этин тараткан оң.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>