«Бийик тоолуктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

«Бийик тоолуктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда «Бийик тоолуктарга көмөк» деген аталышта жөлөкпулду киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоору 23-июнда коомдук талкууга чыгарылды.

Ал депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев тарабынан иштелип чыккан.

Сунушталган документке ылайык, 3 жашка чейинки балдары бар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган бардык жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ай сайын 5 миң сомдон кем эмес жөлөкпул төлөө каралган. Бул жөлөкпул аталган аймактарда жашагандарга бай-кедей экенине, башка жөлөкпул алып-албаганына карабай берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин 30-майда ушуга окшош мыйзам долбоорун депутат Адахан Мадумаров коомдук талкууга чыгарган. Ал сунуштаган жөлөкпул «айылдыктарга көмөк» деп аталган.

Мадумаров 14 жашка чейинки балдары бар ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ай сайын жөлөкпул берүүнү сунуштаган. Анын өлчөмү өлкөдөгү жашоо минимумунан кем болбошу керек.

Мыйзам долбоорунда, аталган жөлөкпул жарандарга колунда бар же жок экенине карабай берилери белгиленген. Ошол эле учурда, аталган аймактарда жашап, башка жөлөкпул (мисалы, «үй-бүлөгө көмөк») алгандар эки жөлөкпулдун бирин тандап алышы керектиги каралган.

«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталды. Өзгөчөлүгү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>