Курман болгон жоокерлерге «Баатыр» наамын берүү маселеси көтөрүлдү

Курман болгон жоокерлерге «Баатыр» наамын берүү маселеси көтөрүлдү

Былтыр Баткенде мекенин коргоп курман болгон жоокерлерге «Кыргызстандын баатыры» наамын берүү маселеси сөз бойдон калбашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Сөзүнүн башында ал Тажикстандын кол салуусунан кийин Баткен облусу үчүн жарандар, мекеме-уюмдар чогулткан акчанын сарпталышы боюнча так маалымат бериле электигин айтып, кимдерге жардам берилгени, курулуп жаткан үйлөр тууралуу маалымат угууну сунуштады.

Сөзүн улай ал, буга чейин, чек арада мекенин коргоп курман болгон жоокерлерге «Баатыр» наамын берүү, аттарын көчөлөргө ыйгаруу сунушталганын эске салып, бул маселе унутта калбашы керек экенин белгиледи.

«Баатырча курман болгон азаматтарыбызга «Баатыр» наамын берели, көчөлөргө атын ыйгаралы деп айтканбыз. Сөзүбүз айткан бойдон калды, унутулуп баратат. Урматтуу төрага, депутаттар ушуну колдоп койсоңуздар, аттарын көчөгө ыйгаралы. Айткан сөз жерде калбасын», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 14-17-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза тапкан. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Былтыркы окуядан кийин Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан чек арада курман болгон аскерлерге «Кыргызстандын баатыры» наамын берүү, көчөлөргө аттарын ыйгаруу сунушталган.

2022-жыл: Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>