Курманбек Бакиев кыргызстандыктарга кайрылды

Курманбек Бакиев кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жубайы Назгүл Төлөмүшованын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып жаткан кыргызстандыктарга кайрылды.

Бакиев кайрылуусунда, ага көнүл айтып жаткан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, социалдык тармактардан жазып, көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын.

Башыма кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Силерди урматтап, Бакиев Курманбек Салиевич», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы, 47 жаштагы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгону кабарланган. Маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда өтөрү, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери айтылган.

Назгүл Төлөмүшова 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бакиев Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзамга ылайык камаларын белгилеп келет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>