Ноокенде жаңы төрөт үйү ачылды

Ноокенде жаңы төрөт үйү ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.

Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жасаларын айтты.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>