14-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +39°C чейин көтөрүлөт, жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу күбөлүгүнөн ажыратылганын жашырып келгенКыргызстан менен Беларусь агросектордо жаңы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты«Кыргыз Петролеум Компани» АИ-80 бензининен АИ-92 маркасын чыгаратБишкек мэриясынын кызматкерлерин велосипедге өтүүгө чакырыштыУКМК Кыргызстанга уюлдук телефондорду аткезчилик менен ташып келүү каналына бөгөт койду
Курсан Асанов камакка алынды
26.01.2021 | 18:23
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу “Репортерго” Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтуусуна караганда Асановду жактоочусу жок суракка алышкан.
“Ага имаратты басып алган деп айып коюшууда. Алар тескерисинче ага ыраазычылык билдириши керек. Ал учурда башаламандык эмес беле, алар элдик кошуундар менен бирге кайгуул уюштуруп, шаарды талап тоноодон сактап калды. Ал коомчулукка пайдалуу иш кылган. Бул саясий мотивдеги иш”, – деди Икрамидин Айткулов.
Учурда Курсан Асанов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар