Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Курултайда көтөрүлгөн маселелердин канчасы аткарылганы айтылды
10.05.2023 | 12:14
Биринчи элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин 60 пайызга жакыны аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев билдирди.
Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева биринчи элдик курултай өткөнүн жана анда көтөрүлгөн маселелердин канчасы аткарылганына кызыкты.
“Биринчи элдик курултайда 3700гө жакын элдин атынан сунуштар түшкөн. Аларды аткаруу боюнча Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Жакында алынган отчет боюнча коюлган маселелердин 60 пайызга жакыны аткарылды. Алардын көпчүлүгү жер маселелерге тийиштүү”, – деди Чолпонбек Абыкеев.
Белгилей кетсек, жыйында “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом