Бишкекте 14 градус суук. Эртеңкиге карата аба ырайы

Бишкекте 14 градус суук. Эртеңкиге карата аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 12-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.

Жолдордо тайгак жана муз болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда

түнкүсүн -12…-17

күндүз -10…-15

Талас облусу

түнкүсүн -13…-18

күндүз -10…-15

Баткен облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз 0…-5

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -4…+1

күндүз 0…-5

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -5…-10

күндүз -2…-7

Нарын облусу

түнкүсүн -6…-11

күндүз -3…-8

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус суук болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>