“Кустуризация”: Депутат менен министр кайым айтыша кетти

“Кустуризация”: Депутат менен министр кайым айтыша кетти

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мүлктү легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Султанбай Айжигитов менен экономика министри Данияр Амангелдиев кайым айтыша кетти.

Депутаттын пикиринде, “кустуризация” бул кадимкидей эле келишим.

“Тергөө учурунда чиновниктин миллиарддаган сомдук мүлкү ачыкка чыгып, алар 100 миллион сом төлөп берүүгө макул болушат. Ал эми калган 900 миллион сом боюнча “илинчекте” турушат. Калган 900 миллион сомду кантип мыйзамдаштырууну ойлонушат. Алар мүлкүн мыйзамдаштырууга даяр, калгандары кызыкдар эмес”, — деди депутат.

Депутаттын айтымында, мүлктөрдү легалдаштыруу жана мунапыс берүү мыйзамы «кылмышкерлер» менен түзүлгөн келишимдин натыйжасы.

“Азыр эч кимге жашыруун эмес, чиновниктер мүлкүн чет элдик офшораларда кармашат. Эгерде силерде көмүскө экономикадан активдерди чыгаруу максатыңар болсо, анда “алардын көмүскөдө турганына эмне себеп болуп жатат?” деген суроого жооп беришиңер керек. Расмий түрдө 30 пайызы гана көмүскөдө. Чиновниктер уурдабашы үчүн алардын маянасын көтөрүү керек. Ал үчүн экономиканы көтөрүү зарыл. Силер туура эмес жолду тандап жатасыңар. Качан экономиканы көтөрүү менен алектенесиңер?”, — деди депутат.

Өз кезегинде экономика министри Данияр Амангелдиев депутаттын суроосуна түз жооп мыйзамда көрсөтүлгөңүн айтты.

“Мен силердин оюңар менен макул эмесмин. Силер сунуштаган метод чийки болуп жатат. Ал биздин экономикага туура келбейт. Бул маселени түшүнүү үчүн чоң кесипкөй болуш керек. Мен силер менен талкуулаганга даяр экенимди дагы бир жолу айтам. Эгерде бул метод бизди Швейцария кыла турган болсо, анда мен эртеңден тарта колдонууга макулмун. Эгер чийки болсо, аны колдонууга мүмкүн эмес”, — деди министр.

Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинде “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда каралып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>