ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Куткаруучулар батирдин эшигин бузуп 2 жашар наристени алып чыгышты
27.04.2021 | 09:48
Куткаруучулар батирдин эшигин бузуп 2 жашар наристени алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелге караган түнү түнкү саат 03:00дөр чамасында Аламүдүн-1 районунун тургундары 112 куткаруу кызматына чалып, эшиги жабык турган батирдин ичинде бала ыйлап жатканы аларды тынчсыздандырганын айтышкан.
Куткаруучулар барып, милиция кызматкерлеринин жана кошуналарынын катышуусунда, эшикти ачып беришкен. Батирде 2 жашар бала болгон. Анын медициналык жардамга муктаж эместигине ынангандан кийин, куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Учурда окуянын чоо-жайын милиция иликтеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом