Кувейт Кыргызстанга 16 тонналык медициналык жабдыктарды берди

Кувейт Кыргызстанга 16 тонналык медициналык жабдыктарды берди

Бүгүн, 17-мартта Саламаттык сактоо министрлигинде Кувейт мамлекетинин Эл аралык Ислам кайрымдуулук уюму жана “Ас-Салам” Фонду тарабынан кайтарымсыз негизде берилген гуманитардык жардамды расмий түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, БУУнун Башкы катчысынын кайрымдуулук боюнча атайын кеңешчиси Абдулла Маатук Аль Маатуктун жана кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Медициналык жабдыктардан турган гуманитардык жүк бейтаптарды көтөргүч, дем алуу жолдорун тазалоо системасы, керебеттин жанына орнотулуучу монитор, кычкылтек концентратору, функционалдык керебет сыяктуу көптөгөн аппараттарды камтыйт.

Улан Садыков Кувейт өкмөтүнө жана фонддун жетекчилигине Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлүп берилген медициналык жабдуулар Кыргызстанда медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында саламаттык сактоо министринин атынан жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эскерте кетсек, 16 тонналык салмактагы гуманитардык жүк Кыргызстанга 2022-жылдын 24-декабрында келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>