Адылбек Касымалиев балык чарбаларын ата мекендик тоюттарды сатып алууга чакырдыБишкекте эркек кишини сабап, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн — шектүүлөр кармалдыКыргызстанда Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты — кимдер дайындалдыКүзгү жаан-чачын жана бийик тоолордо кар: 9-октябрга карата аба ырайыРИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайт
Күзгү жаан-чачын жана бийик тоолордо кар: 9-октябрга карата аба ырайы
10.10.2026 | 10:00

Бүгүн, 9-октябрда, түнкүсүн өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндүү аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
- Чүй облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 17…22°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 15…20°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 20…25°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 20…25°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 19…24°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 14…19°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 15…20°C;
- Бишкек шаарында түнкүсүн абанын температурасы 7…9°C, күндүз 19…21°C болот. Жаан-чачын күтүлбөйт;
- Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн абанын температурасы 6…8°C, күндүз 17…19°C болот. Күндүз жаан жаашы мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода